Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мектеп 1930-жылы Жон Жылга айылында Молотов атындагы баштооч мектеп болуп түптөлгөн.                                1931-жылы Кызыл-Октябрь баштооч мектеби болуп аты өзгөрүлгөн. 1997-жылы 27-мартта Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын сунушунун негизинде,Сары-Булак Айылдык Кеңешинин №3 чечими,        Кызыл-Октябрь орто мектебинин педагогикалык кеңешинин токтому,Сары-Күңгөй жана Ак-Колот айылдарынын тургундарынын элдик жыйынынын №1 токтомунун негизинде:

Сары-Күңгөй айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ибраим Орозалиевтин ысымы жогорудагы аты аталган мектепке 1997-жылдын апрель айында ыйгарылган.

 

Мектептин жетекчилери

  1. Молдокматов 1930-1941-жж
  2. Маматов Бүргөбай 1941-1963-жж
  3. Орозалиев Ибраим 1963-1975-жж
  4. Акматова Бааркан 1975-1982-жж
  5. Аданбаева Бүрабия 1982-1984-жж
  6. Рысбаева Жибек 1984-1986-жж
  7. Беков Токон 1986-1989-жж
  8. Калыбаев Акматбек 1989-1993-жж
  9. Орозалиев Эркин 1993-1995-жж
  10. Апсаматова Зуура 1995-2002-жж
  11. Абдыкеримова Айзада 2002-2004-жж
  12. Максүтов Бурканбек 2004-2007-жж
  13. Кайназаров Нурланбек 2007-2019-жж
  14. Кожомбердиева Ажар 2019-жылдан баштап.

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета